Кыргыз эл жомокторуна саякат

Каармандарды тааныйсызбы?

Кыргыз эл жомокторундагы каармандардын элесин сүрөтчүлөр ар кандай кабылдап, аны өздөрүнүн фантазиясына жараша чагылдырып келет. Бирок айрым сүрөтчү, сынчылар буга чейин чыккан жомок китептерде каармандардын образдары кыргыз жыттанбай калганын айтып келишет.

Мындан улам биз сүрөтчү Замир Илипов менен биргеликте кыргыз эл жомокторундагы каармандардын образдарын жаңыча ачып берүүнү чечтик.

"Эр Төштүк" эпосундагы Маамыттар. Манасчы Саякбай Каралаевдин айтуусунда Эр Төштүк жер жарылып жерге түшүп кеткенде дал ушул Маамыттарга жолугат. Манасчы алардын мындай сүрөттөгөн.
Жер Тыңшар Маамыт
Бул каарманы мындайча сүрөттөлөт.

Чоңдугу борчук сеңирдей,
Кармаша кеткен адамды,
Тири койбой жеңгидей.
Жерди тыңшап желигип,
Өөдө-төмөн тоңкоңдоп,
Качып жүрөт ээлигип.
Куюн Маамыт
Атка минсе кишидей,
Жөө жүрсө, оңбогур
Желмогуздун тишиндей.
Карыш болгон бою бар,
Ай-ааламдын баарысын
Биле турган ою бар.
Көрөгөч Маамыт
Күн чыгыш менен күн батыш,
Тиктеп көрүп жүрчү экен.
Эр Төштүк бир күн келерин
Эбактан бери билчү экен, деп сүрөттөлөт.
Жээренче чечен, Акыл Карачач
Бул турмуштук жомок болуп саналат. Акылман Жээренче чечен жана келини Акыл Карачач тууралуу көп айтылып, алардын акылмандыгы жана айлакерлиги баяндалат. Жээренче чечен тууралуу айтылганда элдин эсине көбүнчө Төлөн мырза аттуу баласынын калпын жашырган учуру түшөт.

"Төлөн мырза бир күнү көпчүлүк элге адатынча мактанып калды: — Баягы күнү бир кийикти атып жиберсем, ок кулагынын учу менен туягынын учуна тийип, кийик аман кутулуп кетти", — дейт.

Анда Жээренче чечен: — Ай балам, ок туягы менен кулагына тийсе, кийик кулагын кашынып турганда аткан экенсиң ээ", — деп баласынын калпын жашырган делинет.

Ал эми Акыл Карачачты жомокто Жээренче чечендин келини, анын акылы жок Төлөн мырза баласына жол көрсөткөн акылы тунук, алысты көрө билген аял заты катары сыпатталат. Ал зулум Жаныбек хандын азабынан кайнатасын куткарып, акыры ханды өзүнүн тууганына тукуруп өлтүрттүрүп элди бир азаптан куткарган делинет.
Толубай сынчы
Бул жомок уламыштардын катарына кирип, анда 14-15-кылымда жашаган сынчы, акылман ойчул тууралуу баяндалат. Толубай сынчы жылкыны дүбүртүнөн таанып, тулпар чыга тургандыгын алдын ала баамдай алган саяпкер болгон деп айтылат. Бир уламыш боюнча Жаныбек хан Толубай сынчынын сынчылыгын угуп, жылкыларымдын ичинен тулпар болчусун танда деп айтат. Бирок хандын купулуна толгон, тулпар болот деген жылкыларынын бирөөсүн да жактырбай, акырында мүдүрүлүп баса албаган, жонун жоору баскан атты көрсөтүп, чыныгы тулпар дейт. Хан буга ачууланып, Толубайдын көздөрүн ойдуруп салат.
Жез тумшук
Жомоктордо тумшугу жана тырмактары жез болуп, адамдардын канын ичет делинет. Кокус колу менен жаап алган бети ачылып кетсе тумшугу жез экени көрүнөт деп жомоктордо айтылат. Ал көбүнчө тоодо жалгыз жүргөн мергенчилерге жолугат. Жомокто негизинен мергенчилердин эрдиги — элин, жерин сактап калганы даңазаланат.
Алтын куш
Алтын куш жомогунда ал абышканын чоң түп алма багындагы алмасын жеп учуп кетип, абышканын үч баласы аны издеп кеткени баяндалат.

Алтын куш бир топ жомоктордо кезигет. Ал караганда көздү уялткан, канат-куйругу узун, караңгыда келип конгондо айланасына жарык чачат деп айтылат. Жомокто алтын куш бакыт, дөөлөт сыяктуу сыпатталат. Ар бир адам өзүнүн бакытын издеш керек, издеп аракет кылган адам аны табат дегендей тарбиялык мааниси бар.
Пери
Кыргыз эл жомокторунда кайыптын кызы пери деп көп айтылат. Алардын айдай сулуулугу, акылы тунуктугу айтылат. Алар өзгөчө касиетке ээ. Кайыптын кызы пери деп Манас эпосунда да айтылат. Алмамбеттин аялы Арууке, Семетейдин аялы Айчүрөк кайыптын кызы делинет. Алар келбетин каалагандай кылып өзгөртө алат. Айчүрөк Семетейдин шумкарын алып качканда ак кууга кубулат.
Дөө
Кыргыз эл жомокторунда дөө көбүнчө терс каарман болуп сыпатталат. Ал өтө чоң, бир аз дөөпөрөс катары айтылат. Кээ бир жомоктордо дөө бир көздүү, абдан күчтүү, ташты мыкчып кум кылган, кумду мыкчып андан суу чыгарган деп айтылат. Айрым жомоктордо кара дөө деп да жазылат.
Алп кара куш
Алп кара куш көп жомоктордо оң каармандарды колдогон сыйкырдуу, абдан зор куш катары сыпатталат. Ал колдогон кишилерин үстүнө мингизип алып, аалам кездирип, барчу жерине тез жеткирип коёт. Ошондой эле кээ бир жомоктордо асмандын ээси катары да айтылат.
Ажыдаар
Кыргыз эл жомокторунда ажыдаар көбүнесе терс каарман катары айтылат. Ал айланасындагыларды оозунан чыккан өрт менен күйгүзүп, тынчтык бербейт. Ал эми "Манас" эпосунда Манастын бир колдоочусу катары да айтылат. Айрым жомоктордо үч баштуу, жетүү баштуу, кырк баштуу болуп кубулуп турат.
Редактор
Расул Үсөналиев

Сүрөтчү
Замир Илипов

Made on
Tilda