Туулган күнүң менен сүйүктүү Бишкегим!
Борбор калаа тууралуу 138 факты
Бишкек шаарынын негизделгенинин 138 жылдыгына карата Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги шаар тууралуу көңүл көтөргөн, толкунданткан, бир эсе көңүл да чөгөргөн 138 фактыны тизмектеп көрдү

Бишкегим, Бишкегим борборум сен

1. Бишкекти 962 миң киши жашайт.

2. Борбор калаанын аянты 127 чарчы чакырымды түзөт.

3. Жылдын орточо температурасы — 11 градус жылуу.

4. Ай сайын Бишкектеги автобустар 909 миң жүргүнчү ташыйт.

5. Эгер шаардагы бардык көчөлөрдү бир линияга жайгаштара турган болсок (19 миң чакырым), ал жер шарынын жарымына чейин жетмек.

6. Бишкектин ар бир алтынчы тургуну — жарды.

7. Бир тургунга 53 чарчы метр туура келет.

8. Жыл сайын шаар көчөлөрүнө 3 миңдей маршруттук таксилер жүрөт.

9. Он бишкектиктин жетөө — кыргыз, экөө — орус улутундагылар.

Сүйүнүч менен күйүт дайым эриш-аркак

10. Бойдон алдыруудан улам жыл сайын жарык дүйнөгө 20 миң ымыркай төрөлбөй калат

11. Жыл сайын Бишкекте 3 миң кишинин бирөө дайынсыз жоголот.

12. Ар беш саат сайын шаардагы бир ишкана ишин токтотот.

13. 27 мүнөт сайын жарык дүйнөгө бир наристе келет.

14. Бишкекте күн сайын 14 киши көз жумат.

15. Бишкек шаарында жашаган эркек орточо эсеп менен 66 жыл 7 ай жашаса, аялдар 76 жашка чейин өмүр сүрүшөт.

16. Троллейбустар бир гана Бишкек, Нарын жана Ош шаарларында жүрөт.

17. Күн сайын борбор калаада 7 жол кырсыгы катталат.

18. Бишкектиктердин 54 пайызы сунушталган 2100 калориядан аз тамак ичет.

19. 14-28 жаштагы ар бир онунчу Бишкек шаарынын тургуну башталгыч гана билимге ээ.

20. Борбордо жашаган жаштардын ар бир төртүнчүсү — жакыр.

Биздин экономика

21. Борбор калаада 31 миң ишкана бар.

22. Эгер жыл сайын Бишкекте аялдар үчүн тигилген пальто менен күрмөлөрдү шаардыктарга тең бөлсөк, ар бирине 24 даанадан туура келмек.

23. Күн сайын шаарда 301 миң сомдук айыл-чарба продукциялары чыгарылат.

24. Эгер шаардыктар Бишкектеги тооктор гана тууган жумуртканы жей турган болсо, бир жумуртканы бир жылга жеткирүүгө туура келмек.

25. Бишкек шаарында жашаган тургундардын саны койлорго караганда 268 эсе көп.

26. Бишкектеги саан уйлар саатына 56 литр сүт берет.

27. Борбор калаа жыл сайын жашоочулары үчүн 200 грамм гана камкаймак чыгарат.

28. Ай сайын шаардын бир тургунуна 2206 сом инвестиция туура келет.

29. Бишкекте бир жылда чыгарылган арак менен (909 миң литр) олимпиадалык бассейндин жарымын толтурууга болмок.

30. Бишкектеги жеңил өнөр-жайларда чыгарылган байпактарды бөлсөк ар бир шаардыкка 18ден байпак туура келмек.

31. Шаардагы үч ишкананын бирөө чыгым менен иштейт.

32. Күн сайын Бишкектен 2 646 долларлык товар экспорттолот.

Чыгымдар тууралуу

33. Бишкектиктер секунд сайын товар жана кызмат көрсөтүүгө 4 008 сом коротот.

34. Шаар тургуну бир күндө болжол менен 233 грамм жашылча жейт.

35. Бишкекте мүнөт сайын 4 748 долларлык товар сатып алынат.

36. Бишкектиктер билим берүүгө караганда байланыш кызматына эки эсе көп каражат коротот.

37. Күн сайын борбор калаада 26 миллион сомдук бензин сатылат.

38. Калаа тургундары 1200 сомдун бир сомун тамекиге жумшашат.

39. Шаардыктар күн сайын 2 литр сүт ичишет.

40. Бишкектеги чакан насыянын орто статистикалык көлөмү 91 300 сомду түзөт.

41. Иштеп табылган ар бир он сом кийим алууга коротулат.

42. Шаардыктар 478 банкомат жана 3210 төлөө терминалдарын колдоно алат.

43. Шаардыктар бир жылда 79 334 олимпиадалык бассейнди толтура ала турган көлөмдөгү суу колдонот.

44. Иштеп табылган жыйырма сомдун эки сому маршруттук таксинин айдоочусуна же башка коомдук транспорттун кызматкерине берилет.

45. Бишкектиктер короткон каражаттын ар бир жүз сому электр энергиясы үчүн жумшалат.

46. Пластикалык карталар менен 418 миң бишкектик соода жасай алат.

47. Азык-түлүк үчүн коротулган каражаттын басымдуу бөлүгү — 233 сом этке кетсе, экинчи орунда 189 сом менен нан турат.

48. Күн сайын орто статистикалык бишкектик бир бөлкө жейт.

49. Бир суткада колдонулган уй этин жалпы шаардыктарга бөлсөк ар бирине 26 граммдан туура келет.

Айлана-чөйрө

50. Жыл сайын атмосферага 26 миң тонна ууландаруучу зат чыгат. Бул жалпы республика боюнча алып караганда жалпы көлөмдүн дээрлик жарымын түзөт.

51. Борбор калаада уулуу заттар топтолгон 17 жердин жалпы аянты 4 футбол аянтына барабар.

52. Мүнөт сайын шаардыктар бир тонна таштанды "чыгарат".

53. Ар бир дем алууда шаардыктар 5 нанограмм аммиак жана 4,5 нанограмм формальдегид жутат.

54. Жайында абаны 4,2 гектар жердеги бак-дарактар тазалайт.

55. Шаардагы саздык жерлер 36 гектарды түзөт. Бул Ош базары ээлеген аянттан 21 эсе чоң.

56. Бишкекте күн сайын 50 тонна өнөр-жай таштандысы чыгат.

57. Айлана-чөйрөнү коргоо үчүн ишканалардын бир жылда короткон акчасы ар бир жаранга бөлгөндө 175 сомдон туура келет.

Ден соолук жана медицина

58. Жүз тургунга үчтөн дарыгер туура келет.

59. Саат сайын 24 бишкектик дем алуу органдарына байланышкан дартка чалдыгат.

60. Күн сайын 12 шаардык тамак-аштан ууланып, өзүн жаман сезет.

61. Бишкекте башка аймактарга караганда 2 эсе көп бронхиалдык астма менен оорушат.

62. 10 миң кишинин бирөө кургак учуктан каза болот.

63. Шаардагы 800дөй киши СПИД дартына чалдыккан.

64. Мектеп жашына чейинки 25 баланын салмагы бирөө тийиштүү көлөмгө жетпейт.

65. Ар суткада онкологиялык дартка чалдыккан бир киши катталат.

66. 9 миңге жакын бишкектик гарднереллез менен ооруйт, 1,7 миңи трихомониаз, 146сы сифилис менен жабыркайт.

67. Бишкектеги ооруканаларда үч миң орун бар.

68. Отуз ымыркайдын бирөө төрөт маалында же бир жашка чыга электе чарчап калат.

Кылмыштуулук

69. Күн сайын борбордо 7 кылмыш жасалат.

70. Маңзатка байланышкан кылмыштар боюнча борбор калаа биринчи орунда турат.

71. Акыркы беш жылда мас абалында жасалган кылмыштуулуктун саны 7 эсеге өскөн.

72. Бир жылда өлкө боюнча жасалган экономикалык кылмыштардын (бир жылда 16 миң) 41 пайызы борбор калаага туура келет.

73. Бир суткада 2 киши дайынсыз жоголот.

74. Жасалган эң оор кылмыштын үчөө Бишкек шаарында болот.

75. Күн сайын Бишкекте үч батир тонолот.

76. Күн сайын шаардын 12 тургуну кылмыш жасайт.

77. Жыл сайын Бишкек шаарынан жарым тоннадай маңзат алынат.

Аялдар жөнүндө

78. Алты миң аялдын бирөө төрөт маалында каза болот.

79. Күн сайын эркектер телевизорду 3 саат 48 мүнөт көрсө, аялдар 2 саат 21 мүнөт убактысын экрандын алдында өткөрөт.

80. Шаарда жашаган эркектердин 20 пайызы өтө жакыр жашаса, аялдар арасында бул көрсөткүч 16 пайызды түзөт.

81. Борбор калаада иштеген аялдар менен эркектердин саны бирдей.

82. Борбордо жашаган аялдар мырзалар тапкан акчанын 75 пайызын гана алат.

83. Мамлекеттик мекемелерде аял жетекчилер эркектерге караганда 5 эсе аз.

84. Бишкекте жашаган пенсионер кемпир 5 335 сом алса, пенсионер абышкалар 6 461 сом алышат.

85. 2014-жылы 610 жаран үй-бүлөлүк зомбулук боюнча айыпталган. Алардын 8 пайызы — аялдар.

86. Бишкекте эркектер тамак жасоого бир суткада болгону 4 мүнөт коротсо, аялдар бир сааттан ашык убакыт жумшайт.

87. Борбор калаада өз ишкердигин 11 миң эркек жана 9 миң аял ачкан.

88. 175 кыздардын бирөө 17 жашка чыгып-чыкпай көз жарат.

89. Аялдардын 45 пайызы контрацепциялык каражат колдонот.

90. Төрт кыздын бирөө өмүрүндө бир жолу тамеки тартып көргөн.

91. Айымдардын 63 пайызы ичимдикти даамдап көргөн.

92. Орто эсеп менен бишкектиктер иш ордунда 7,30 саат болсо, аялдар 5 саат 47 мүнөт болот.

Биздин үй

93. Күн сайын борбор калаада бир жарым жаңы батир пайда болот.

94. 2015-жылы Бишкекте 453 миң чарчы метр жаңы турак жай курулган.

95. Өлкө аймагында курулган үйлөрдүн 37 пайызы Бишкек шаарында курулган.

96. Бишкектеги батирлердин бир чарчы метр аянты 48,9 миң сом турат.

97. 2015-жылы Бишкектеги батирлердин орточо баасы сом менен 8,5 пайызга жана доллар менен 24 пайыз арзандаган.

98. Шаардыктардын 13 пайызы турак-жайларын өзү салган.

99. Шаардыктардын 37 пайызы батирлерин сатып алган.

100. Ар үч күн сайын борбор калаага жашоо үчүн бир киши келет.

101. Бишкекте жашаган ар бир жетинчи үй-бүлө батирде ижарада жашайт.

102. Ар бир шаардыкка 12,6 чарчы метр турак жай туура келет.

Балдар — биздин келечек

103. Бишкектиктердин көбү үй-бүлөдө үч баланын болушун жакшы деп эсептейт.

104. Бишкекте 133 миң окуучу бар.

105. Бишкек шаарындагы келиндер биринчи баласын орто эсеп менен 24 жашында төрөгөн.

106. 18-49 жаштагы бишкектиктер жакын арада бала төрөп алууну пландашат.

107. Бишкектик келиндер Чүй облусундагыларга караганда аз төрөйт.

108. Бишкек шаарындагы бала бакчага 34 миң бала берет.

109. Шаардагы үчүнчү ар бир бала никесиз төрөлгөн.

Жумуш жөнүндө

109. Жумушка жарамдуу шаардыктардын 49,7 пайызы жумуш менен камсыз болгон.

110. Бишкектиктер башкаларга салыштырмалуу айына 17 123 сом көп алат. Бул көрсөткүч Ош облусуна салыштырмалуу эки эсе көп.

112. Ишке жарамдуу бишкектиктердин 556сын кары-картаңдар мене балдар түзөт.

113. Киреше катары иштеп табылган беш сомдун төрт сому – айлык. Экинчи орунда пенсия турат.

114. Шаардыктардын ар бирине 5 043 сом киреше туура келет.

115. Мамлекеттик мекемеде иштегендер орто эсеп менен бир айда 13 744 сом алат. Коммерциялык тармакта иштегендер 20 276 сом алат.

116. Бишкектеги компаниялар жумушчуларына 38 миллион сом карыз.

117. Бишкек шаарында 6 953 жумушсуз каттоого алынган.

118. 16-28 жаштагы ар бир жетинчи бишкектик башка мамлекеттен бактысын издеп кеткен. Мындайлардын саны бир жылда миңге чамалап барат.

Көңүл ачуу жөнүндө

119. Бишкекте 348 мейманкана бар. Өлкө боюнча 966сы кызмат көрсөтөт.

120. Борбор калаада өлкө боюнча жалгыз цирк бар.

121. Республикадагы ресторандардын ар бир үчүнчүсү Бишкекте иштейт. Борбор калаада алардын саны 1 640.

122. Бишкекте ошондой эле 2 186 туристтик агенттик бар.

123. Шаардыктар кафелерге жылына 3,8 миллиард сом калтырат. Эгер бул сумманы шаарда жашагандарга бөлө келгенде ар бирине 3 900 сомдон туура келет.

124. Күн сайын тез татым жайларында 19 миллон сомдук тамак сатылат.

125. Орто эсеп менен бир бишкектиктин тамактануусуна айына 1 658 сом туура келет.

126. Бишкекте 8 театр бар. Өлкө боюнча алардын саны 20га жетет.

127. Бишкектеги ар бир жетинчи тургун китепканада болгон.

128. Шаардагы музейлерде 130 миң экспонат сакталат. Өлкө боюнча алардын саны 194 миңге жетет.

129. Бишкектин музейлерине жыл сайын 408 миң киши келет.

Кызмат көрсөтүү жөнүндө

130. Он бишкектиктен жетөөнүн үйүндө газ плитасы бар.

131. Шаардыктардын 99,4 пайызы борбордук канализацияга кошулган.

132. Шаардыктардын ар бири таза суу менен камсыздалган. Бул өлкө боюнча алып караганда эң жогорку көрсчөткүч.

133. Бишкектиктер үчүн Интернет башкаларга салыштырмалуу жеткиликтүү

134. Ар бир үчүнчү шаардыктын автоунаасы бар. Шаарда 310 миң даана машина катталган.

135. Ар бир төртүнчү шаар тургуну үйдөн жумушка жана жумуштан үйгө карата он сомдон кем эмес акча коротот.

136. Бишкектиктердин жарымынын электр энергиясы бир жылда бир нече жолу өчүрүлгөн. Ал эми ар бир үчүнчү шаардыктар мындай көйгөйдү билбейт.

137. Он шаардыктын алтоо ваннага түшүү мүмкүнчүлүгү бар.

138. Ар бир үчүнчү жаран коомдук мончо жана сауналарга барат.
Автор
Асель Минбаева

Дизайнер
Даниил Сулайманов

Фото
Акылбек Батырбеков, Табылды Кадырбеков

Булак
Улуттук статистика комитети
Мамлекеттик каттоо кызматы
Ачык маалымат булактары
Made on
Tilda