Эгер Кыргызстанда жүз эле адам жашаса, ар бир эркекке бирден аял туура келмек
Алардын 73ү кыргыз, алтоо орус, 15и өзбек жана бирден тажик, уйгур, дуңган жана түрк, ал эми калган экөө башка улуттун өкүлдөрү болмок
34 кыргызстандык шаарда, 66сы айыл жеринде жашамак
Ош шаары менен Ош облусунда 25 адам, Баткен жана Ысык-Көл облустарында сегизден, Жалал-Абад облусунда 19 жаран отурукташкан болмок. Дагы бешөө Нарын, төртөө Талас, 15и Чүй облустарында жана 16 адам Бишкекте турмак
Жүз адамдын 34ү — 15 жашка чейинки өспүрүм, 26сы — 30 жашка чейинки улан-кыздар болмок. Кыргызстанда 45 жашка чейинки 19 аял-эркек жашамак. 60 жашка чейинкилерден 14, ал эми 75ке чейинкилерден беш адам калмак. Эки киши гана андан улуу куракта болмок
Суу түтүгүнөн 25 гана адам пайдалана алса, 11 жаран сууну арыктан, 64 киши кудук менен колонкалардан алмак
Жүз адамдын ичинен 16 аял жана 23 эркек иштемек. Төртөө жумуш издеп жүрмөк. Сегиз киши университетте окуса, дагы ошончосу пенсия алмак. Жетөө үй чарбачылыгы менен нан таап жемек.

Мындай коомдо 12 киши фермерчилик кылса, төртөө куруучу, алтоо соодагер, экөө унаа тармагында иштемек. Мейманкана жана ресторан ишкердиги менен 1 адам, мамлекеттик кызматта 2 адам алектенсе, дагы үчөө балдарды окутмак. Жүз кишинин бири дарыгер болмок.
Экөө арык болмок, 56 адам дене түзүлүшүм мыкты деп мактана алмак да, 32 кыргызстандык дене салмагы ашык болуп, ал эми 10 адам ашыкча семиздиктен жабыркамак
Ай сайын аялдардын 30, эркектин 3 үстүңкү кийими, ошондой эле 71 жуп байпак чыгарылмак
Ай сайын мынча киши 14 килограмм эт, 4 килограмм колбаса, 48 килограмм сүт, 5 килограмм торт жана 81 килограмм нан өндүрмөк
Бир адамдын эч билими болмок эмес. Төртөө башталгыч гана классты, 45 толук мектепти, бешөө техникумду аяктамак. 11 адам жогорку же жок дегенде толук эмес жогорку билимге жетишмек
Редактор
Асель Минбаева

Дизайнер

Даниил Сулайманов

Булак
Улуттук статистикалык комитет

Made on
Tilda