Олигарх болбосом да:

Кыргызстанда акчаны кирешелүү пайдалануунун 7 жолу

Акчаң жок калса, каткан долларыңды барып алмаштыр деген бир тамаша кеп бар. Сарамжалдуулукту билбеген эл мындайды ойлоп тапмак эмес. Sputnik акчаңызды катып койгон жерден алып чыгып, аны өзүңүз үчүн иштегидей кылсаңыз, канча пайда таба турганыңызды билип көрдү.
Акча катып жашагандар! Сары майдай сактап койгон акчаңыз ар бир мүнөт четинен кемип жатканын билесизби? Кеп ууру же өрт жөнүндө эмес (бирок аларды да эсептен чыгарбаш керек деңизчи), деги бир артка чегинейин деген түрү жок инфляция жөнүндө болуп жатат.

Sputnik кабарчысы Асел Минбаева өз акчаңды кирешелүү пайдалануунун эң мыкты
7 ыкмасын издеп тапты. Болгондо да бул үчүн сөзсүз эле миллиондогон акчаңыз болушу шарт эмес, туура жакка жумшалган бир миң сом да көзгө илинерлик жемишин берет.
1

Эң оңою: банкка, үстөк пайызы менен!

Суроолорго жооп берет:
Асел Абыкеева
Demir Bank PR-менеджери
Кеп деги эмне жөнүндө болуп жатат?
Акчаңызды банкка депозиттик эсепке салып коюп, киреше ала бересиз. Акциялар менен валютанын же металлдардын курсуна көз салып, рынокко талдоо жүргүзүп отурбайсыз.
Колумда эмне болушу керек?
Паспортуңузду жана эсепке салайын деген акчаңызды алып келсеңиз жетиштүү. Эсептин өзүн акысыз ачып беришет. Муну интернет аркылуу жасап койсоңуз да болот.
Бул үчүн канча акчам болушу керек?
Банк депозиттерине каалаган сумманы салсаңыз болот. Мисалы, бизде мөөнөттүү депозит ачыш үчүн мынча акчадан кем болбосун деген чектөө жок. Анан калса, акчаны да каалаган мөөнөткө, мисалы, 28 күнгө да салып койсо болот.
Жолум болуп калса, канча киреше табам?
Шарттары ар кандай. Эгер бир жылдык мөөнөткө 1 000 000 сомду 11 пайыз менен салсаңыз, бир жылдан кийин 110 000 сом аласыз. Эгер 13 пайыз менен салынган эки жылдык депозит болсо, кирешеңиз 260 миң сомду түзөт.
Акчаны жоготуп коюу коркунучу канча?
Биздин кардарлардын депозиттери ишеничтүү кепилденген жана банк тарабынан коргоого алынган. Акционерлердин катарында Европанын реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы турат. 100 пайыз чет элдик капиталга ээ банк банкрот болуп калат деген коркунуч жокко эсе.
Акчамдын жок дегенде канча бир бөлүгүн кайтарып ала аламбы?
Депозиттерди коргоо системасы банк банкрот болуп калган учурда кардарлардын акчасын кайтарып берүүнү кепилдейт. Гарантиялык учур пайда болгондо депозитте акчасы бар ар бир адамга 200 миң сомдон ашпаган компенсация төлөнөт. Ага депозиттер боюнча киреше пайыз да кирет.
2

Forex рыногундагы "ойноок-жаздым" миллиондор

Суроолорго жооп берет:
Эркин Тазабеков
трейдер, тренер
Кеп эмне жөнүндө болуп жатат?
"Форекс" — бул глобалдуу рынок, анда валюта товар болуп эсептелет. Доллардын же евронун баасы аларга суроо-талаптын көлөмүнө жараша болот. Негизгиси, кайсы жерден арзан алып, кайда кымбат сатууга болорун түшүнүү керек. Бул кадимки эле бааларга кызыл кулактык болуп эсептелет.

Бул жерде күн сайын 4 триллион долларлык келишимдер түзүлөт. Акчаны интернет аркылуу күн-түн дебей сатып же сатып алсаң болот.
Буга катышуу үчүн колумда эмне болушу керек?
Атайын билим сөзсүз зарыл. Баштапкы экономикалык билим жетишсиз. Эл аралык экономикалык жаңылыктарды билбесеңиз да, валютанын техникалык көрсөткүчтөрүн билүү маанилүү.
Бул үчүн канча акча керек?
Дегинкиси бир доллардан баштап деле соодалашса болот, бирок анча майда акча менен көп киреше таппайсың, анан калса, бул бир топ ыңгайсыз. Миң долларча жумшаган максатка ылайык болот.
Жолум болуп калса, канча пайда табам?
Айлык киреше 5-15 пайызга жетет. Бир жыл ичинде салган акчаңызды эки эсе көбөйтө аласыз. Беш жылда сумма 7-8 эсе өсөт!
Акчамды жоготуп коюу коркунучу канча?
Көпчүлүк бул жерде май токоч даярдап койгондой эле ойлойт. Эгер атайын билим-тажрыйбаңыз болбосо, акчаңызды жоготуп коюу коркунучу 99 пайызга жетет! Мен муну менен алектенип жүргөн трейдер катары ачык айтып жатам.
Акчамдын жок дегенде кайсы бир бөлүгүн кайтара аламбы?
Жогото турган болсоң, баарынан кол жуудуң дей бер. Бул кадимки эле бизнестей: сен ким менен кантип соодалашууну толук түшүнүп-билбей туруп рынокко келсең, куру жалак калышың толук ыктымал.
Өзгөчөлүктөрү: кадимки иш менен Forex оюнун айкалыштыруу мүмкүн эмес.
3

Батирден киреше табуу: чын эле пайдалуубу?

Суроолорго жооп берет:
Нарбек Абдуллаев
"ЖИА" ишкердик ассоциациясынын курулуш комитетинин төрагасы
Кеп эмне жөнүндө?
2015-жылга чейин кыргызстандыктар батирлерди көп сатып алышкан. Аны ижарага берип, акча алышчу. Бирок азыр мындайлар аз.
Бул үчүн колумда эмне болушу керек?
Акча. Кыргызстандыктардын турак-жайга суроо-талабы мурдагыдай эле болгону менен, аны сатып алууга көпчүлүктүн акчасы жок.
Эгер жолум болсо, канча киреше табам?
Бир жылда сиз эч кандай пайда таппай калышыңыз анык. Чыдай туруңуз. Мисалы, сиз батирди 50 миң долларга сатып алдыңыз дейли. Аны сиз эң көп дегенде 500гө ижарага бересиз. Эки же үч бөлмөлүү батирди оңдоого 2-3 ай кетет.

Ошентип, кеткен чыгымыңызды кайтарып алуу үчүн жок дегенде 8 жыл кетет! Ошондо да жолуңуз болуп, ижарага алчуларды тез арада таба алсаңыз. Бирок жашай турган кишини бир жыл издегендер да бар.
Акчамды жоготуп коюу коркунучу канча?
Жакынкы арада ижара акысы түшөт деп күтүүнүн кереги жок, себеби Бишкекте турак-жай муктаждыгы курч бойдон турат.
4

Бизге пифтердин эмне кереги бар?

Суроолорго жооп берет:
Алуа Маулен
East Star Capital эл аралык инвестициялык компаниянын башкы директору
Кеп эмне жөнүндө болууда?
Үлүштүк инвестициялык фонд же пиф – жамааттык инвестициялардын түрү. Мунун башкы маңызы – фонддун мүлкүнө ээлик кылгандар инвестициячылардын өзүлөрү болуп эсептелет.

Ал эми пифтин ишин кесипкөй команда башкарат. Болгондо да жетектөөчү компаниянын кызматкерлери бир жолу бекитилген эмгек акысын алат.

Кыргызстанда пифтер негизинен турак үйлөрдү куруу менен алектенет. Мунун себеби кыргызстандыктар кыймылсыз мүлктү сыйлап, анын чоо-жайын жакшы түшүнөт. Андан татаал өндүрүштөр жөнүндө айтсак, аларга ишеним аз. Ишеним болбогон соң, акча да жок.
Бул үчүн мага канча акча керек?
Баары келишимге жараша болот. Бизде эң аз сумма беш миң доллар болчу.
Жолум болсо, канча пайда табам?
Баары акчаңызды канча мөөнөткө салганыңызга жараша болот, бирок баары бир киреше пайыздар банктагыдан жогору. Эгер банк 15 пайыз жылдык киреше сунуш кылса, бизде бул 18-19 пайыз. Бизде акча салуунун эң узак мөөнөтү 2,5 жыл.
Акчамды жоготуп коюу коркунучу канча?
Коркунуч дайыма бар, банктар деле банкрот болуп калып жатпайбы. Башкаруучу компания адатта келишимдерди толук текшерип турат, каржылык отчеттор бир тыйынга чейин каралат.

Өз компаниямдын тажрыйбасы жөнүндө айтып берейин. Биз ар кандай коомчулуктардан өзүбүздү болушунча коргойлу деп, курулуш орто жолдо токтоп калбагыдай жетиштүү акчаны башында эле топтоп алганбыз. Тилекке каршы, азыркы учурда каатчылык башталып, батирлерди сатуу жагынан жабыркап жатабыз. Тобокелдик кылган жокпуз.
Жок дегенде акчамдын кайсы бир бөлүгүн кайтара аламбы?
Компаниянын активинде мисалы, жер, курулуш материалдары бар. Иш ойдогудай болбой калса, аз болсо дагы компенсация төлөнөт, себеби бул сиздин мүлк да. Бирок ар бир уюмдун өз шарттары бар.
Өзгөчөлүктөрү: Кыргызстанда үлүштүк инвестициялык фонддор — сейрек көрүнүш. Мунун себеби — ишенимдин жоктугунда. Баары эле эле каржылык жактан билимдүү эмес, акчаңды мага бер деп келген акылдуу кишиге да ар ким эле ишене бербейт.
5

Эстетикалык ырахаттан кантип киреше тапса болот: тыйын, антиквариат, чопо кумаралар

Суроолорго жооп берет:
Александр Камышев
тарых илимдеринин кандидаты, нумизмат, антиквардык дүкөндүн ээси
Кеп эмне жөнүндө болууда?
Убакыттын өтүшү менен баасы көтөрүлүп турчу сейрек кездеше турган байыркы буюмдарды сатып алуу жөнүндө.
Колумда эмне болушу керек?
Бир нерсеге акча салыш үчүн, ал ишти жакшы билип жана сүйүш керек. Сүрөт же тыйынды "кооз же кооз эмес" принциби боюнча сатып алууга болбойт, атайын билимиңиз болушу зарыл.
Бул үчүн канча акча керек?
Айтуу кыйын. Менин антиквардык салонум бар. Товарымдын көптүгүнөн кыйналганым билинбейт: бир жерден утулсам да, бир жерден пайда таап, чыгашамды жаба алам.
Жолум болсо, канча табам?
Бир нече жылдан кийин эмнелер кескин кымбаттап кете турганын башкалар эмес, мен да айта албайм. 3-4 жыл мурун ленинград фарфорунан 50-60-жылдары жасалган кичинекей оюнчуктар мода болуп кеткен. Ал тургай, Москвадан дилерлер келип, кемпир-келечтен ошондой статуэткаларды сатып алып кетишкен.

Айрым тыйындар, мисалы, "Жеңиштин 70 жылдыгы" тыйыны көп киреше берет. Аны биз төрт күндө эле сатып койдук. Ошондон кийин анын баасы үч эсе көтөрүлүп кетти. Аны сатып алганга үлгүргөндөр өз акчасын үч эселеп көбөйтүп алды.

13 жыл мурунку "Хан-Теңир", "Мамыры гүл", "Аркар" сыяктуу коллекциялык тыйындар жаңы чыкканда миң сомдон сатылса, азыр алардын баасы 16-17 миңге жетти!
Акчамды жоготуп коюу коркунчу канча?
Чопо оюнчуктардын тарыхы кандайча бүттү дебейсизби? Алар азыр эч пайдасыз жатат. Мурун 200 долларга болсо да колуңдан жулуп кетип жаткандарды эми 100гө да эч ким албай калды. Ал эми мода аялдар сыяктуу да, кубулуп турат.

Он-он беш коллекциялык тыйындардын бирөө гана киреше алып келет. Болгондо да ал Улуттук банк бардык экземплярын сатып бүтмөйүнчө кескин кымбаттап кетпейт.

Бирок баары эмес. Айрым тыйындары жети жылдан бери бир эле баада сатып жатам. Же мисалы, алтын "Курманжан Датканы" алалык. Кимдир бирөө аны үч жыл мурун 500 доллардан алса, азыр ал 350 доллар турат. Бул америкалык валютанын кымбаттап кетишинен болду.
6

Алтындын жардамы менен кантип алтынга чөмүлсө болот

Суроолорго жооп берет:
Эмил Курманалиев
КРУБдин накталай акча башкармалыгынын эксперттик бөлүмүнүн башкы экономисти
Айылчы Сарыбаев
экономика илимдеринин доктору
Нургүл Акимова
көз карандысыз экономист
Кеп эмне жөнүндө болууда?
Акча алмаштырчу жайлардын такталарында сандар күнүнө эки-үч жолу алмашып, акча эртең кунун жоготпойт деген кепилдик жок шартта үйүңүздө алтындын куймасы турганы жаман эмес.

Улуттук банктын адиси Эмил Курманалиев баалуу металл баасын кескин жоготушу мүмкүн эмес деп эсептейт, себеби алтын — жөн гана байлыкты сактоо каражаты эмес, ал өнөр жайга керектелчү чийки зат: Au микроэлектроникада, медицинада жана зергерлик иште зарыл нерсе.
Бул үчүн мага канча акча керек?
Жок дегенде 4 442 сом. Бир граммдык эң кичинекей алтын куйманын баасы ушундай. Аны Улуттук банктан сатып алса болот. Керек болгон учурда аны жарым пайыздык чыгаша менен 4464 сомго сата аласыз.
Жолум болуп калса, канча пайда табам?
Алтын баасын алдын ала айтуу оңой эмес. ABN Amro Group эксперттерине таянып Bloomberg 2018-жылдын аягына чейин алтын 4 пайызга кымбаттайт деп жатат. Экономист Нургүл Акимова бул божомолду өтө эле көңүл жубатарлык деп эсептейт.

"Адатта металлдын баасы мынчалык кескин өзгөрбөйт. Бирок алтынга карата суроо-талап валютанын курсундагы оош-кыйыштан пайда болушу ыктымал. Акыркы жылы каржы рыногунда алтындын баасы үч ирет арзандады. Ал эми эки анжылык адамдар менен компанияларды тобокелчилиги анча чоң эмес активдерге кайрылууга мажбур кылат", — дейт Акимова.

Профессор Айылчы Сарыбаев алтын жакынкы жылдары кымбаттап гана отурат деген ишеничте.

"Индия жана Кытай сыяктуу өлкөлөрдүн абалы жакшырууда. Ал жакта металлга болгон суроо-талап салттуу көрүнүш. Албетте, алтын баасы эч солгундоосуз, түптүз эле жогорулап отурбайт, бирок төмөн да түшүп кетпейт", — деди профессор.

Баса, Sberbank CIB серепчилери беш жылдан кийин металл 10 пайызга кымбаттап, бир унциясы 1200 долларды түзөт деп болжошот. Эгер ошондой болсо, анда бир граммдык куйманы 2021-жылы 4886 сомго сатса болот.
Акчамды жоготуу коркунучу канча?
Эксперттер акчадан кол жууп калуу кооптуулугу жокко эсе деген бир пикирде. Анын себеби, жердин алтын кору жыл өткөн сайын азайып, аны казып ала турган жаңы жайлар жок. Канчалык аз болсо, ошончолук кымбат деген принцип иштейт.
Өзгөчөлүгү: Сиз топтогон акчаңызды пайдаланбастан 2-3 жыл жашай алсаңыз гана алтынга инвестицияласаңыз болот. Металлды бир-эки айга сатып алгандын кажети жок, биринчиден, алтын баасы өйдө-төмөн өзгөрүп турат. Демек, туура эмес учурда алтынды сатам деп чыгашага учурап калышыңыз ыктымал. Экинчиден, Улуттук банк алтынды өзү сатып алган баадан кымбат сатат. Эгер сатып алган алтынды дароо кайра сатам десеңиз, бул да сиздин чогулткан акчаңызга зыянын тийгизет.
7

Баалуу кагаздардын куну кетпейби?

Суроолорго жооп берет:
Айсулуу Жакыпбекова
"Сенти" каржы компаниясынын кеңешчи-аналитиги
Кеп эмне жөнүндө болуп жатат?
Кыргызстанда мамлекеттик баалуу кагаздар менен акциялар жана менчик компаниялардын облигациялары абдан өнүккөн.

Мамлекеттик баалуу кагаздар ишеничтүү болот, себеби аларга мамлекет өзү кепилдик кылат. Бирок алар өтө көп киреше бербейт.

Корпоративдик баалуу кагаздарды (акциялар, облигациялар) жеке менчик компаниялар акча табыш үчүн чыгарышат. Акция – үлүштүк баалуу кагаздар, ал инвесторлорго акционердик коомду башкарууга мүмкүндүк берет. Облигация – карыздык баалуу кагаз, анын бекитилген наркы жана үстөк пайызы болот. Компания такыр жакырланып калганы жатса да, сизге пайыздык кирешени төлөп беришет.

Баалуу кагаздардан киреше чоң: ал жылына 22 пайызга чейин жетиши мүмкүн. Мындан тышкары, аларды каалаган убакта сатып жиберсе болот.
Колумда эмне болушу керек?
Кылдаттык: баалуу кагазды сатып алардан мурун, компаниянын каржылык отчеттору, элге жасаган сунуштары, инвестициялык меморандуму, ошондой эле келишими менен кылдат таанышып чыккан оң.
Бул үчүн мага канча акча керек?
Баалуу кагаздарга инвестицияны каалаган акча менен жасаса болот. Мисалы, акциялардын баасы 30 тыйындан башталышы мүмкүн (акциялар көбүнчө пакети менен сатылат). Облигациялар жөнүндө айтсак, алар 1000 сомдон башталат. Иш жүзүндө облигацияны көбүрөөк — айына 2-3төн сатып алышат.
Жолум болсо, канча киреше табам?
Акция жөнүндө айтсак, баары компаниянын ишине жараша болот. Облигациялар боюнча эки мисалды карайлы: сиз "Миң түркүн" соода үйүнө жылдык 22 пайыз кирешеси менен бир миллион сом жана "Салым Финанс" чакан каржылоо компаниясына ошончо эле акчаны жылдык 18 пайыз менен салайын деп чечтиңиз дейли.
Алган кирешеңизди коротпостон компанияда калтырдыңыз.
Акчамдан куру калуу коркунучу канча?
Тобокелдик инвестициянын бардык түрүндө бар. Акчаңыздан айрылып каласыз деп алдын ала айтуу мүмкүн эмес. Бирок сизге чегерилген кирешелик пайызга тобокелчилик үчүн төлөм киргизилгенин эске алуу керек. Киреше пайыз канчалык жогору болсо кооптуулук ошончо көп.
Акчамдын жок дегенде бир бөлүгүн кайтара аламбы?
Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, ишкана банкрот болгон учурда, кайра төлөп берүүнүн пайызы компаниянын активдеринин наркына жана анын мойнуна жүктөлгөн милдеттемелерге жараша болот.
Автор: Асель Минбаева

Дизайнер: Даниил Сулайманов

Сүрөт:
Табылды Кадырбеков, Владимир Астапкович, Акылбек Батырбеков, Sam PANTHAKY

Булак: КР улуттук статистикалык комитети, "Вечерний Бишкек" гезитинин 1996 — 2016-жылдар аралыгындагы архиви
Made on
Tilda