Кыргызстанда кышкы эс алуу:
лыжа базалары, тоңгон шаркыратмалар жана бал боорсок
Эч нерседен шек санабай жума аягындагы эс алууңузду лыжа жана сноуборд тебүүгө арнаңыз. Эгер суукту тоготпойм десеңиз, Ысык-Көлгө чумкуганга, ал эми өзүңүздү эр жүрөк сезсеңиз, асман тиреген чокуларды багындыруу мүмкүнчүлүгү бар. Бийиктикти сүйсөңүз, Чыгыш Тянь-Шань мөңгүлөрүнө тик учактан көз салыңыз.
Кыргызстанга кантип жете алабыз жана саякатты кайсыл жерден баштайбыз?
Кыргызстанга барганда өзүнө чыгыш колоритин жыйнап, совет доорун элестеткен ар кандай эстелик, жайларын сактап калган борбору Бишкек шаарына кирбей кетүүгө болбойт. Саякаттоону дал ушул жерден баштоону сунуштайбыз. Мисалы, Бишкектин чок ортосундагы ар бир саатты кереметтүү кыргыз аспабынын үнү менен билдирген курантка же ар түркүн даамдардын жыты буркураган Ош базарына барса болот. Саякатыңызды мына ушул мүнөттөрдөн баштап пландай баштаңыз. Анткени учак же поезд билеттерин алдын ала алып, каражатты үнөмдөп калууга мүмкүнчүлүк бар.
Автобус
Автобуста саякаттоо капчыкты анчалык бошотпойт. Бирок бул КМШ жана Кытайдын гана жашоочуларына ылайык болгудай. Россиянын ар кайсы шаарларынан Кыргызстандын борборуна автобус менен келүү орус шаарларынын жайгашкан жерине жараша 45-55 доллардын тегерегинде болот. Автобустук түз каттамдар Москва, Екатеринбург, Омск, Томкс, Новосибирск жана Кемерово шаарларынан жүрөт. Жолдо сиз 2,5 суткага жетпеген убакыт жүрөсүз.

Ушул эле транспорт менен Кытайдын Кашгар жана Артуш шаарларынан 85-90 долларга, Казакстандын Шымкент шаарынан 10 доллар, Астанадан 30 долларга Бишкекке жетүүгө болот. Кыргызстанга автобус менен саякаттоо боюнча мындан көбүрөөк маалыматты туристтик жол коштоочунун сайтынан көрүүгө болот.

Автобус менен өлкөнүн ичинде жүрүү дагы абдан ыңгайлуу. Борбордон облустарга жеңил унаа же автобус менен жетүү канча турары боюнча маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан көрө аласыз.
Поезд
Скандинавия жарым аралы, Америка же Европадан Кыргызстанга поезд менен келүү мүмкүн эмес. Бирок, Москва, Екатеринбург, Новокузнец шаарынан Кыргызстанга үч күндө бир жолу поезд каттап турат. Билет баасы кетүүгө канча күн калганында алганыңызга байланыштуу болот.

Мисалы, Москва — Бишкек каттамына бир ай мурда билет алсаңыз, 200 доллардын ордуна 150 доллар төлөп, 50 доллар үнөмдөйсүз. Екатеринбургдан бери 200 доллар. Эң арзан баадагы билет Новокузнецк — Бишкек каттамына - 95-100 доллар. Россия шаарларынан Кыргызстанга поезд менен жетүү үчүн 2,5 сутка кетет. Кененирээк маалыматты Кыргыз темир жолунун сайтынан таба аласыз.

Бир кезде дүпүйгөн жашыл шаар деп саналган Бишкек азыр архитектуралык жактан башкача өнүгүп бара жатат. Мисалы, күндүз тээ алыскы мексиканын улуттук тамактарын кофе жыты аңкыган кофейняга кирсеңиз, кечкисин барга барып классика менен заманбап музыка уксаңыз болот. Андан ары кечелер үчүн атайын көркөмдөлүп жасалган кадимки заводдун имаратына бара аласыз.
Жеңил унаа
Бишкекке жеңил унаа менен жетсе болот. Жолго канча убакыт жана күйүүчү май кетери сиз жашаган шаардын алыстыгына байланыштуу. Бирок баардыгына бирдей шарттар бар. Жолго чыгар алдында айдоочулук күбөлүктү, темир тулпардын техникалык паспортун жана транспортту камсыздандырган күбөлүктү унутпай, жаныңызга ала жүрүңүз. Бул документтер чек арадан тез өтүп, унаанын кынтыксыз текшерүүдөн өтүүсүнө шарт түзөт. Кыргызстанда 1 литр АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 57 цент, А-92 53 цент, ал эми дизель 52 цент турат.
Учак
Эл аралык "Манас" аэропорту Бишкек шаарынан 23 чакырым аралыкта түндүк-батыш тарабында жайгашкан. Шаарга маршруттук такси, кадимки такси менен жетип аласыз.

Нью-Йорк— Бишкек — Нью-Йорк (Стамбул аркылуу) каттамынын акысы эң аз дегенде 750 доллар, ал эми Москва — Бишкек 180 доллар турат. Кыргызстандын түштүк борбору Ош шаарына Москвадан жетүү үчүн 200 доллар төлөйсүз. Ошондой эле Бишкектен учак менен Ош шаарына жана Ысык-Көлдүн Тамчы айылына учса болот. Республика ичинде эки тарапка билет 55 доллар турат.

Авиа каттамдардын тартибин аэропорттун сайтынан биле аласыз.
Бишкекте көрө турчу жерлер:
Эмне үчүн Кыргызстан кышында жайдагыдай эле керемет?
Кыргызстанда кышкысын кар көп жаайт жана суук. Декабрь айында өлкөнүн түндүгүндө аба ырайы - 10 … - 15 градус, түштүгүндө -5… -10 градуска жетет. Бул учурда лыжа базалары ишин баштайт. Январь айында шамал болуп турганы менен кар көп жаайт. Ошол себептүү дал ушул айда фрирайд менен бэккантрдин жана капчыгайларда тоңуп калган шаркыратмаларды көрүүгө абдан ыңгайлуу.

Ал эми февралда аба арайы жагынан так кесе бир нерсе айтуу өтө кыйын. Чайыттай күн тийип туруп эле, бир заматта кар бурганактап жаап ийиши мүмкүн.

Өзүңүздүн эс алууңузду пландап жатып, Sputnik сунуштаган кышкы иш-чаралар картасынан карасаңыз болот.
10-31-декабрь
Бишкек шаарынын Энвер Гареев атындагы ботаникалык бак
10-31-декабрь
Бишкек шаарынын Энвер Гареев атындагы ботаникалык бак
Балаты базары

Балаты базарынын ачылышы шаардыктарга жаңы жыл жакындап калганынан кабар берет. Базарда көбүнесе Ысык-Көл облусунан алынган балатылар сатылат. Эң кичинелери 1 метрге жетип-жетпегени менен, чоңдору 9 метрге чейин жетет. Мындай балаты үйүңдү шаңга бөлөөрүн элестеткенде дароо сатып алгың келет.

15 —19-декабрь
Бишкек, Кожомкул атындагы спорт сарайы
15 —19-декабрь
Бишкек, Кожомкул атындагы спорт сарайы
Жаңы жылдык жарманке

Жаңы жыл алдында бул жерде ачылган жарманкеде ата мекендик кол өнөрчүлөрдүн колунан жаралган оригиналдуу белектерден тарта, дамдуу салаттарды даярдоого керектелчү табыгый таза азык-түлүктөргө чейин сатып алса болот.
31-декабрь — 1-январь
Бишкек, "Ала-Тоо" аянты
31-декабрь — 1-январь
Бишкек, "Ала-Тоо" аянты
Жаңы жылды майрамдоо

Жаңы жылдык сейилдөөлөр эртең мененки жана кечки деп эки бөлүктөн турат. Биринчиси — эртең менен куурчактардын костюмун кийгендер менен жомок каармандары түшкөн автопоезддин көчөгө чыгышы менен башталат. Бул учурда борбордук аянтта Аяз ата менен Аяз кыз интерактивдик оюндарды өткөрүп, ар кандай белектерди таратышат. Кечки майрам жергиликтүү ырчылардын концерти менен башталат. Ал саат түнкү 12де майрамдык салюттун атылышы менен аягына чыгат.

6 — 7-январь

Бишкек шаарында ыйык князь Владимирдин чиркөөсүндө жана Свято-Воскресенский собору. Ош шаары архистратиг Михаилдин храмы, Каракол шаарында Ыйык Троица храмы
6 — 7-январь

Бишкек шаарында ыйык князь Владимирдин чиркөөсүндө жана Свято-Воскресенский собору. Ош шаары архистратиг Михаилдин храмы, Каракол шаарында Ыйык Троица храмы
Иса пайгамбардын туулган күнү

Иса пайгамбардын туулган күнүн майрамдоо салтанаты Кыргызстандын чиркөөлөрдө православдык кызматтардан башталат. Кудайга жалынып, тазалануу максатында жүздөгөн адамдар чогулушат. Майрамдын бул бөлүгү аяктагандан кийин, эл бири-бирин даамдуу тамактар менен сыйлап, балдар балатыны тегеректеп ырдашат.

20—26-февраль
Бишкек, "Ала-Тоо" аянты, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын имаратынын алдында жана "Каражыгач багы" сейил багы
20—26-февраль
Бишкек, "Ала-Тоо" аянты, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын имаратынын алдында жана "Каражыгач багы" сейил багы
Масленица

Салттык славян майрамын Кыргызстанда дагы кеңири майрамдашат. Жети күн бою чана тээп, ырдап-бийлеп, ал тургай куймактардын эң жакшы жасоо рецебине сынак жарыяланат. Анан албетте, масленица каракчысы өрттөлөт. Мындай ырым-жырымдар борбордо гана эмес, башка шаарларда дагы өтөт.
26-февраля
Бишкек, Озерное айылы
26-февраля
Бишкек, Озерное айылы
"Джип-спринт" фестивалы

Жолтандабастар жарышы масленицанын акыркы күнү өтөт. Кум карьеринде жолтандабастардын өнөрүн көрүп, ырахат алгысы келген миңдеген адамдар чогулушат. Айдоочулар татаал жолдорду өтүү үчүн өзүнө көп коркунучтарды жаратат. Ал эми темир тулпарлар баткакка тыгылып, айрымдары талкаланып да калат.

Кайсы жерге, канча акчага түнөсө болот?

Кыргызстанда түнөөчү жай табуу анчалык татаал эмес. Мейманканалар ар бир облуста, шаарларда бар. Болгону эс алуучу жериңизге жана чөнтөгүңүзгө ылайык мейманкана же хостел тандоо керек.
Мисалы, Кыргызстанга келериңиз менен Бишкектеги хостелдердин бирине токтосоңуз болот. Аларда эки орундуу номер суткасына 10-15 доллар турат. Бирок бул жерде ванна менен ашкана башкалар менен чогуу болот. Эң арзан түнөк отелдердеги 1,5-2 метрлик бир орундуу капсулалык ячейка суткасына 7 доллар.

Эки бөлмөлүү батирди бир күнгө ижарага алыш үчүн ээсинин колуна 25-30 доллар карматышыңыз зарыл. Мындай учурда ижарага берүүчүлөрдү саякатка чыкканга чейин издей башташыңыз керек. Ал үчүн интернетти карап көрүңүз мүмкүн.

Заманбап жасалгасы, спа-кызматтары жана эртең мененки тамактануусу ("швед столу") бар үч жылдыздуу отелдерде эки киши түнөп кетүү үчүн 250-300 доллар төлөөгө туура келет.

Кыргыздын каада-салтына жуурулушууну каалагандар үчүн боз үйдө түнөөнү сунуштайт элек. Бул үчүн 70 -75 доллар төлөшүңүз керек. Бул акчага кыргыздардын жылуу-жумшак боз үйүнө 5 адам түнөп, эртең мененки тамагын ичип кетсе болот.

Кыргыз тоолоруна кош келиңиздер!

Кыргызстанда лыжа тебүү эмнеси менен керемет?

Кыргызстанда лыжа тебүү эмнеси менен керемет? Чөнтөккө ылайыктуу баа жана унутулгус эмоциялар менен. Эгер Кыргызстандагы жайкы туризмдин "ачкычы" Ысык-Көлдүн жээгиндеги эс алуу болсо, кышкы эс алуунун ырахаты лыжа жана сноуборд тебүүдөгү чектелбеген мүмкүнчүлүктөр.

Кыргызстанда 23 лыжа базасы менен ондогон муз аянтчалары бар. Ошол себептүү балдар дагы эч качан көңүл кош калбайт.
"Эмне үчүн Кыргызстан? Бизде жок эле дегенде апакай карлар, таза аба. Ошондой эле ар кандай татаалдыктагы жолдору бар лыжа базаларыбыз бар. Баалары жеткиликтүү. Чарчасаңыз, карда жүрүүчү машина же квадроцикл тебесиз. Экстримди кааласаңыз мөңгүлөргө чыгасыз. Кардан тажасаңыз каньон жана үңкүрлөрдү кыдырасыз".
Марат Данилов
жөө туризм союзунун жетекчиси
Лыжа спортун сүйгөндөрдүн эң сүйүктүү базасы - "Каракол". Ал Ысык-Көлдүн Каракол шаарынын 30 мүнөттүк алыстыкта жайгашкан. Деңиз деңгээлинен 2300 метр бийиктикте. Бул жерде бардык ыңгайлуулуктары бар мейманканага жайгашсаңыз болот. Ар кандай тоскоолдуктагы алдын ала дайындалган трассада лыжа тээп, кечкисин ресторандардын биринде даамдуу тамактана аласыз.

Эгер көбүрөөк адреналин алууну каалаган тажрыйбалуу райдер болсоңуз, кишинин буту тие элек тоолордон лыжа тээп түшсөңүз болот. Ал жерлерде кардын калыңдыгы 2,5 метрге жетет. Эң бийик жери деңиз деңгээлинин 4 500 метр өйдө турат. Ал жакка ат же карда жүрүүчү кыймылдаткычтуу техника менен гана жете аласыз.
Sputnik Кыргызстандын эсептөөсү боюнча өлкөдөгү лыжа базаларында бир жумалык эс алуу кошумча көңүл ачууларды кошпогондо 530 доллардын тегерегинде болот
Көпчүлүк лыжа базалары Бишкектин тегерегинде эле жайгашкан. Ошол себептүү ал жактарга жетүү анча татаал эмес. Күн сайын атайын уюштурулган транспорт менен же өзүңүз жалдаган такси же кичи автобус менен бара аласыз. Жол кире бир кишиге 10 доллардан ашпайт.

Кыргыз тоолорунун уникалдуу ландшафты келгендердин баарына: профессионалдарга дагы, жаңы баштагандарга да ыңгайлуу. Ар биринде аркан жолдор, мейманканалар жана ижарага шаймандарды алчу жайлар бар (күрөөгө паспорт таштайсыз).

Эгер лыжа же сноуборд тебе албасаңыз, кам санабаңыз. Бул жерде өз ишин мыкты билген инструкторлор бар. Кызмат акысы саатына — жети доллар. Же болбосо коньки, чана же карда жүрүүчү машина тээп, же бильярд ойносоңуз болот. Үшүп кетсеңиз, кышкысын дагы 40 градуска чейин ысык, дарылык касиети бар минералдык булактарга түшөсүз.

Фрирайдга керемет жай

Фрирайддын фишкасы анын ар түрдүүлүгүндө. Кыргызстанда жылуу боз үйдө жашачу бэккантри-лагерлер популярдуу. Анда лыжачыларды тоонун башына ат, карда жүрүүчү машина же тик учак менен алып чыгышат. Чындап адреналин алгыңыз келсе, Жыргалаңга, Суусамырга же Арсланбап токоюна барыңыз.
"Кыргызстанда эң кызыктуу нерсе – бул жапайы жаратылыш. Жадагалса Амазонкада дагы мындай табият жок. Мисалы, бизде каалаган тооңо чыгасың, чарчасаң чатыр тигип түнөп калсаң болот. Башка мамлекетте бардык жерлер сатылып кеткен, акысыз эч бир жерге түнөй албайсың".
Сергей Дудашвили
саякатчы, тирусттик компаниянын негиздөөчүсү
Бирок, сиз канчалык профессионал болсоңуз дагы Памир жана Тянь-Шанга чыгаарда сөзсүз гиддин кызматын колдонуңуз. Анын кызмат акысы көбүнчө турдун жалпы баасына кирет. Гид кар көчкүдөн сактануу жолдорун үйрөтөт. Сиз бараткан аймакта ижара шаймандарды берүүчү жайлар жок, ошол себептүү ылдый жактан өзүңүзгө зарыл нерселерди ала кетиңиз.

Баардык шарттары менен барсаңыз, эс алууңуз унутулгус сезимдерди тартуулайт. Капчыгыңыз анча жукарбайт. Жети күндүк эс алууга 700-1000 доллар төлөйсүз. Хели-ски турлар бир аз кымбатыраак болот. Анткени өтө татаал жерлерге сизди тик учак менен жеткиришет. Бир адам жумалык эс алууга 5000 —5500 доллар сарпташы зарыл. Топто 10 кишиден аз болбойт.

Жомокко саякат - тоңуп калган шаркыратмалар

Кышкы жомокту көргүңүз келсе, Ысык-Көлдүн күңгөй жээгинде жайгашкан
Алтын-Арашан, Барскоон, Жеты-Өгүз жана Жууку капчыгайларына барыңыз. Мына ушул жерлерден жай бою шаркырап агып, кулактын кужурун алган шаркыратмалар кыштын келиши менен унчукпай тоңуп калганын көрөсүз.
"Кыргызстан сүрөтчүлөр үчүн чыныгы табылга. Эгер мыкты сүрөттөрдү тартам десеңиз, Ысык-Көлдө жайгашкан капчыгайларга барып, жомоктогудай токойлорду, тоңуп калган шаркыратмаларды көрсөңүз болот. 40 метр бийиктикте агып жаткан суунун музга айланып калганын элестетип көрсөңүз. Мындайды башка бир да өлкөдөн көрө албайсыз! Мындай сулуулуктун арасынан жаңы жыл тосконго неге болбосун?"
Влад Ушаков
фотограф жана саякатчы
Кайтып келе жатканда ысык булактарга жуунуп алып, мейманканаңызга келип, тоо балы менен ит мурун кошулган чай ичип аласыз.

Тосор айылындагы "Жомок" каньонуна дагы кире кетишиңиз керек. Тоолорду, аскаларды кичирейтип койгондой бул жайда сейилдөө эсиңизде көпкө сакталып калат.
Sputnik Кыргызстандын эсептөөсү боюнча эки күндүк мындай эс алуу үчүн 50-60 доллар төлөйсүз

Булуттун арасында – эң бийик чокуларды багынтуу

Дүйнөдөгү улуу тоо Хан-Теңиринин этегинде, кыргыздар кудайдын тактысы деп атаган жерде ал өзүн жакшыраак, бийигирээк, жер жүзүндөгү өзгөчө адам сезди

Петр Николаевич Краснов
Чөл амазонкасы
Эгер дүйнөдөгү эң бийик чокулардын башына чыгып, асманга жакындоо профессионалдардын гана колунан келет десеңиз жаңылышасыз. Мыкты гиддин кызматын пайдалануу менен жаңы баштап жаткандар дагы Хан-Теңири, Ленин жана Жеңиш чогусу сыяктуу жети миңдиктерге барчу экспедицияга кошула аласыз.

Бирок, бул жайларга чыгуу өтө жоопкерчиликтүү экенин түшүнүп, жол татаал болорун билишиңиз керек. Аба ырайынын шарттары дагы оор болушу мүмкүн, экспедиция орто эсеп менен 21 күнгө созулуп, 2-3 миң доллардын тегерегиндеги акчаны талап кылат.

Баса, бул экспедиция маалында лагерге учуп келатып, Эңилчек өрөөнүн көрө аласыз. Керемет жаратылышы бар бул өрөөн өзүнө 2 чоң мөңгү жана жоголуп бараткан Мерцбахер көлүн камтыйт.

Тилекке каршы кышкысын аба ырайынын күтүлбөгөн шарттарын алдын алуу үчүн өз алдынча тик учак жалдап, экскурсияга чыгууга болбойт. Ал эми июль же август айында мындай сейилдөө 150 доллар турат.

Кыргыз ашканасына баам салганда...

"Эгер Кыргызстанда кышкы эс алууну кааласаңыз, гастрономиялык тур кылууну сунуштайм. Кыргыз ашканасынын негизинен эт жана камырдан жасалган даамдуу тамактары өтө тоюмдуу болгондуктан, кыштын суугунда мындан өтөрү жок. Мисалы, өлкөнүн Өзбекстан жана Тажикстан менен чектелген түштүк аймагында палоо өзгөчө даамдуу".
Регина Гатаулина
кесипкөй гид
Кыргыздын улуттук менюсундагы тамактар негизинен өзүнө үч азыкты камтыйт – булар эт, сүт жана камыр. Ошол себептүү Кыргызстанга барганда модалуу пиццерия менен Италия ресторандарынан баш тартканыңыз оң. Кыргыздын каада-салты менен түштөнүүгө же кечки тамак ичүүгө убакыт табыңыз. Боз үйдө же чайханада кийиздин үстүнө олтуруп алып, ысык чайдан ууртап, жаш козунун этин жегениңиз көпкө чейин эсиңизден кетпээри турган иш.

Кыргыз ашканасынан бир нече даамдар менен таанышып алыңыздар.

Эсиңизде болсун, Кыргызстандагы кафе, ресторандарда колдон келишинче накталай ачка менен эсептешкениңиз туура. Ал эми сиздин чайга берчү акчаңыз дароо эле жалпы суммага кошулуп, анан 10-15 пайызын түзөт. Эгер сизге официанттардын кызматы оголе жагып калса, ыраазычылыгыңызды "өзүнчө" билдирип койсоңуз болот.
Ресторанда тамактануу орто эсеп менен 20 доллар
Каймакка малынган боорсок
Кыргыздардын майрамдык дасторконун нандын бул түрүсүз элестетүүгө болбойт. Боорсокту ачыган камырдан, майда-майда кылып кесип, казанга салып кызарта бышырат. Дастарконго каймак менен бирге берилет.
Шорпо
Азыркыча бул кой этинин шорпосуна картошка, жашылчалар кошулуп, үстүнө көк-чөп себилип берилген тамак. Мурда конокторго этти өзүнчө, шорпону өзүнчө беришчү. Ал эми устукандарды улуулаштырып тартат. Устукан тартуу кайсы жерде экенине карап дагы айырмаланат. Мисалы, Чүйдө койдун башын кадыр-барктуу адамдарга ыроолошот. Ал эми бир катар жерлерде коноктордун кичүүсүнө тартылат.
Беш бармак
Кыргыз ашканасынын төрө тамагы. Беш бармак — бул кой этин майда туурап, шорпого бышкан камырга аралаштырып берүү. Ар бир облустун беш бармак даярдоо боюнча өз ыкмалары жана сырлары бар.

Кыргызстандан ала кетчү белектер

Табыгый таза белектер менен жакындарыңызды кубандыргыңыз келсе, базарга барыңыз, эгер өзгөчө бир буюмду кааласаңыз, шаардагы сувенир дүкөндөрүнө же улуттук буюм-тайымдар жарманкесине баш баксаңыз болот.

Бул жерлерден кыргыз каада-салты менен күмүш, кийиз, булгарыдан жасалган ар түрдүү буюмдарды табасыз. Айырмасы баасында гана. Килем, чокой, баш кийим, моюн орогуч, сувенир, ал тургай телефон менен ноутбуктарга каптарды дагы ала аласыз. Баалары жеткиликтүү. Мисалы, 50 долларга баалуу бир нерсе сатып алууга мүмкүн.

Ошондой эле эмен челегинде 20 жыл сакталган коньяк сизге кымбат адамдар үчүн эң сонун белек болуп бере алат. Ал үчүн 100 доллардан кем эмес акча төлөшүңүз керек.
Мындан тышкары кыргыздын кызыктуу тарыхын өзүнө каткан буюм-тайымдарды сатып алганыңыз туура. Мисалы, комуз, эркектердин баш кийими болгон — ак калпак же улуттук даам – курут. Курут – бул уютулган сүт азыктарынан кургатылып жасалган азык. Артыктычылыгы даамында гана эмес, көпкө сакталгандыгында дагы.

Ата мекендик дизайнерлердин дүкөндөрүнөн дагы кыя өтпөңүз. Мында табыгый таза кездемеден тигилген кызыктуу кийим-кечектерди тапса болот. Айрымдары кыргыздардын утуттук кийимдерине окшош болсо, башкалары кадимки подиумдагыдай адеми кийимдер.

Грек жаңгагы, бал жана кургатылган өрүктөрү менен Кыргызстандын аты алыска кеткен. Ошол себептүү Кыргызстанга келгендер сөзсүз буларды базарлык катары үйлөрүнө ала кетишет.
Эмнени билиш керек – ийгиликтүү саякаттын сырлары
Жетекчи
Эрнис Алымбаев

Автор
Екатерина Михайлова

Дизайнер
Даниил Сулайманов

Фото жана видео
Эмил Садыров, Табылды Кадырбеков, Влад Ушаков, Азрет Дан, Михаил Мартюков, Хаят Тариков, Азамат Айтбаев, Жанболот Рысалиев

Булактар
Улуттук статистика комитети, КРдин Мамлекеттик чек ара кызматы, КРдин Туризм департаменти, ачык булактан алынган маалыматтар

ProAir Studio, Акылбек Тургановго жана
Supara этнокомплексине ыраазычылык билдиребиз
Редакция ар дайым жаңы нерселерди билип, Sputnik жол коштоочусун толуктап тарууга даяр: news@sputnik.kg дарегине кат жазып, өзүңүздүн сүйүктүү жерлериңиз жана маршруттарыңыз жөнүндө айтып бериңиз.

Ошондой эле биз менен ар дайым Facebook, Twitter, Instagram, Одноклассники социалдык түйүндөр аркылуу байланышып турсаңыздар болот.
Made on
Tilda